Башкы бет|Биз менен байланышуу|فارسی
Sunday, November 19, 2017
Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий θкүлчүлүгүнүн сайтына кош келиңиздер
Vote
Сайттын материалдары тууралуу сиздин ой-пикирлериңиз?

Материалдардын көпчүлүгү кызыктуу
Кээ бир материалдар пайдалуу
Керектүү материалдар көбүрөөк болсун
Айрым материалдар начарыраак
Бул тууралуу ой-пикирим жок

Visitors` Statistics
 посетители этой страницы : 10280
 посетители в течение дня : 16
 общее число посетителей : 85544
 посетители онлайн : 4
 Загрузка страницы : 0.9062
Clock
News > Иран Ислам Республикасынын Ислам мазхабдары университетинин ректору Кыргызстандагы Расул Акрам атындагы Ислам университетинин ректору менен жолугушту


  печать        отправить другу

Иран Ислам Республикасынын Ислам мазхабдары университетинин ректору Кыргызстандагы Расул Акрам атындагы Ислам университетинин ректору менен жолугушту

2017-жылдын 28-июль айында Ислам мазхабдары университетинин ректору доктор Мухаммад Хосейн Мохтари Кыргызстандагы Расул Акрам атындагы Ислам университетинин ректору Марс Ибраев менен жолугушту. Бул жолугушууда Мар Ибраев мырза ислам университети тууралу кыскача төмөнкүлөрдү айтты. “Расул Акрам университети алгач жергиликтүү диний медересе катары ачылган, ал эми 2003-жылы мамлекеттин аалымдары жана муфтияттын чечими менен университетке айланган. Бул университеттин 24 жылдан бери мамлекет тарабынан Кыргызстан билим берүү системасына ылайык расмий түрдө уруксааты жок болчу жана бактыга жараша 2017-жылдын 7-январь айында Кыргыз Республикасынын Илим, билим берүү министрлиги тарабынан расмий уруксат берилди. Бул университетте жалпысынан 63 жергиликтүү жана Египет, Арабстан, Иордания мамлекеттеринен келген чет элдик мугалимдер эмгектенишет жана 8070 студент бакалавр бөлүмүндө билим алышат. Биздин университетте Иран Ислам Республикасынын Горган шаарындагы университеттин бүтүрүүчүлөрү билим берип, эмгектенишет. Биздин университеттин билим системасы Азия жана Бухара билим берүү системасынын негизинде жүргүзүлөт. Бардык сабактар классикалык Ханафи фикхтин негизинде билим берилет. Иран аалымдары жана илимпоздору менен бүт ааламга таанылган жана таанылууда, андыктан биз Кыргыз Республикасынын келишиминин негизинде Сиздер менен чогуу иштешүүгө даярбыз. Ислам мазхабдары университетинин ректору доктор Мохтари мырза өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, Ислам мазхабдары университети жөнүндө кыскача төмөнкүлөрдү айтты. “Ислам мазхабдары университети 25 жылдан бери кызмат кылган мамлекеттик университет. Биздин университеттин өзгөчөлүгүнө токтолсом, Ханафи, Шафии, Малики ж.б. ... мазхабдарын карманган бардык адамдар өзүнүнүн мазхабынын фикх мугалиминен, каалаган мазхабдын негизги фикхинин негизинде билим ала алат. Азыркы тапта 100 дон ашык чет элдик студент биздин университетте билим алып, акыркы жылдарда Америка, Европа жана Индия өлкөлөрүнөн да студенттер келишүүдө. Биздин университетте гуманитардык жана дин илими адистиктери бар. Ал эми биздин университеттин урааны биримдикке жана тилектешикке чакырып, зордук замбулуктан жана экстремизмден алыс болуу. Жаңы урпактарга, келечек муунга жардам берип, туура жолду көрсөтүү аалымдардын вазыйпасы. Биздин университет эл аралык мамилелерди өнүктүрүүдө фарсы жана орус тилин окуган студенттерди жөнөтүү, магистратур жана аспирантурада окуган кыргыз студенттерине бюджеттик орун берүү, мугалим жана тажрыйба алмашуу, ар кандай маданий жана билим берүү турларды өткөрүү, кыска мөнөттүү курс өткөрүү, илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, журнал чыгаруу, конференция, тегерек стол сыяктуу иш чараларды биргелешип өткөрүүгө даяр. Андан тышкары тарых боюнча бүтүрүүчү студенттер өз дипломдук ишин жазуу үчүн Иранга чакырууга даярбыз” деди. Доктор Мохтари кыргыз тарапка бирге кызматташуу келишимин түзүүнү сунуштады. Кыргызстандагы Ислам университетинин ректору: “Биз Иранда өтүүчү илимий изилдөө иштери жөнүндө студенттерге маалымат беребиз жана калган сунуштарды аалымдар жана окутуучу жамаат менен талкууга алышыбыз керек жана алардын көбү колдоого алынып, кызматташууга жол ачылат деген ишенимдемин. Ал эми магистратура, докторантураны Иранда улантуу сунушу абдан жакшы сунуш жана кыргыз тараптын кызыгуусун арттырат деген ойдомун” деди. Сөздү улап, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий өкүлү Али Хакимпур: “Бул университетинин негизги урааны мусулмандар арасындагы биримдик. Бүгүнкү күндө Ислам дүйнөсүн жана мусулмандарды зулум, террорист, адам өлтүргүч катары көрүп атышат жана биз маалымат таратуу аркылуу жаңы муунду ошол зулум жана терроризмдин тарапташы болуусунун алдын алышыбыз керек. Мусулмандар дагы өзүнүн гүлдөп өскөн тарыхын сактап калууга акысы бар” деди. Жолугушууну акырында Мохтари мырза кыргыз тарапка өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, аларды кызматташуу келишимине кол коюу үчүн Иранга чакырды. Ал эми кыргыз тарап аталган университеттин аалымдарын жана мугалимдерин Иранга жөнөтүү сапарын уюштурууну убада кылды. Андан соң тараптар бири бирине белек тартуулашты.


09:06 - 12/10/2017    /    номер : 687570    /    количество просмотров : 5



выход




Байланыштар