Башкы бет|Биз менен байланышуу|فارسی
Sunday, November 19, 2017
Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий θкүлчүлүгүнүн сайтына кош келиңиздер
Vote
Сайттын материалдары тууралуу сиздин ой-пикирлериңиз?

Материалдардын көпчүлүгү кызыктуу
Кээ бир материалдар пайдалуу
Керектүү материалдар көбүрөөк болсун
Айрым материалдар начарыраак
Бул тууралуу ой-пикирим жок

Visitors` Statistics
 посетители этой страницы : 10276
 посетители в течение дня : 8
 общее число посетителей : 85536
 посетители онлайн : 2
 Загрузка страницы : 1.0312
Clock
News > Иран Ислам Республикасынын Ислам мазхабдары университетинин ректору Кыргызстан Эл аралык университетинин вице-президенти менен жолугушту


  печать        отправить другу

Иран Ислам Республикасынын Ислам мазхабдары университетинин ректору Кыргызстан Эл аралык университетинин вице-президенти менен жолугушту

2017-жылдын 28-июль айында Ислам мазхабдары университетинин ректору доктор Мухаммад Хосейн Мохтари Кыргызстан Эл аралык университетинин вице-президенти Мурадбек Байкожоев менен жолугушту. Бул жолугушууда Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Али Хакимпур, соода сатык жана каржы уюмунун жетекчисинин орун басары Голру мырза, Ислам мазхабдары университетинин администрация башчысы Марви мырзалар катышышты. Байкожоев мырза меймандар менен саламдашып, Кыргыз эл аралык университети, анын ишмердүүлүгү тууралу кыскача айтып өттү: “Кыргызстан эл аралык университети 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын илим билим министрлиги, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын илимдер академиясы жана Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын жарлыгы менен Сан-Франциско Мамлекеттик университети менен биргеликте Кыргызстан эл аралык университети болуп ачылган. Бул университеттин архитектуралык курулушу Европа жана Америка университеттеринин архитектурасынын негизинде курулган. Жогорку окуу жайлардын, ата энелердин жана студенттердин сын-пикиринин негизинде Улуттар шериктештиги мамлекеттериндеги 30 мыкты университеттин жана EUROCHAMBERS Европанын окуу системасы менен окуткан 1000 мыкты университеттин катарына кирет. Студенттер биздин университетти бүтүрүүдө жогорку билимин тастыктаган жана ага адситиги менен Европа билим стандарты менен окуганы тиркетилген күбөлүк берилет жана кийин Европа мамлекеттеринде жумуш табуу кыйла оңойго турат. Биздин университеттин уникалдуулугунун себеби мамлекеттик да жеке да университет, коледж, лицей жана бир канча адистештирилген институттар бар. Университетте экономика, менеджмент, юриспруденция, эл аралык мамилелер, информатика, философия, медицина, социалдык эмгек, аймак таануу адистиктери менен чогуу Америка таануу, Араб таануу, Корей таануу, Кытай таануу, лингвистика багыттары окутулат жана бакалавр, магистратура жана аспирантура бөлүмдөрүндө дистанциондук билим берүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул университеттин Европа, Россия, Пакистан, Сауд Арабия, Индия, Кытай ж.б. мамлекеттери менен кызматташуу келишими бар. Ал эми Иран жана фарсы тили борбору Ирандагы Жамат аль Мустафа университети менен биргеликте ачылган. Айта кетсем биздин студенттер фарсы тилин философия адистиги менен бирге эки жылдан бери ийгиликтүү окуп, үйрөнүп атышат, бул багыттагы студенттер ушул убакыттын ичинде жакшы ийгиликтерге жетишишти. Фарсы тилин окуган студенттердин саны 60 га жетип, алардын көбү Жамат аль-Мустафа университетинин бюджети менен билим алышат. Биз Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгү менен бирге конференция өткөрүүдө абдан үзүрдүү иштешип келебиз, буга чейин абдан маанилүү эки конференция өткөрдүк. Андан тышкары декабрь айында аталган Маданий өкүлчүлүк менен бирге Маданияттарды жакындаштыруу конференциясын өткөрүүнү макулдашуудабыз. Биздин университет студент жана тажрыйба алмашууга, жайкы курстарды өткөрүүгө, илимий ишмердүүлүктөрдү ж.б. иш чаралар боюнча Иран Ислам Республикасынын университеттери менен бирге кызматташууга даяр” деди. Ислам мазхабдары университетинин ректору доктор Мохтари мырза өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, Ислам мазхабдары университети жөнүндө кыскача төмөнкүлөрдү айтты. “Ислам мазхабдары университети 25 жылдан бери кызмат кылган мамлекеттик университет. Биздин университеттин өзгөчөлүгүнө токтолсом, Ханафи, Шафии, Малики ж.б. ... мазхабдарын карманган бардык адамдар өзүнүнүн мазхабынын фикх мугалиминен, каалаган мазхабдын негизги фикхинин негизинде билим ала алат. Азыркы тапта 100 дон ашык чет элдик студент биздин университетте билим алып, акыркы жылдарда Америка, Европа жана Индия өлкөлөрүнөн да студенттер келишүүдө. Биздин университетте гуманитардык жана дин илими адистиктери бар. Ал эми биздин университеттин урааны биримдикке жана тилектешикке чакырып, зордук замбулуктан жана экстремизмден алыс болуу. Ислам мазхабдары университетинин негизги имараты Тегеран шаарында жайгашкан жана мамлекеттин деңгээлинде филиалдары бар. Биздин университет эл аралык мамилелерди өнүктүрүүдө фарсы жана орус тилин окуган студенттерди жөнөтүү, магистратура жана аспирантурада окуган кыргыз студенттерине бюджеттик орун берүү, мугалим жана тажрыйба алмашуу, ар кандай маданий жана билим берүү турларды өткөрүү, кыска мөнөттүү курс өткөрүү, илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, журнал чыгаруу, конференция, тегерек стол сыяктуу иш чараларды биргелешип өткөрүүгө даяр” деди. Кыргыз тарап иран тараптын сунушун колдоп, кызматташуу келишимин даярдоону билдирди. Мохтари мырза Кыргызстан эл аралык университетинин вице-президентин аталган келишимге кол коюу максатында Иранга чакырды.


09:08 - 12/10/2017    /    номер : 687574    /    количество просмотров : 7



выход




Байланыштар