Башкы бет|Биз менен байланышуу|فارسی
Sunday, November 19, 2017
Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий θкүлчүлүгүнүн сайтына кош келиңиздер
Vote
Сайттын материалдары тууралуу сиздин ой-пикирлериңиз?

Материалдардын көпчүлүгү кызыктуу
Кээ бир материалдар пайдалуу
Керектүү материалдар көбүрөөк болсун
Айрым материалдар начарыраак
Бул тууралуу ой-пикирим жок

Visitors` Statistics
 посетители этой страницы : 10275
 посетители в течение дня : 7
 общее число посетителей : 85535
 посетители онлайн : 2
 Загрузка страницы : 0.9219
Clock
News > Ирандык философтор экстремизмге каршы күрөшүүдө окумуштуулардын ордун жогору баалашат


  печать        отправить другу

Ирандык философтор экстремизмге каршы күрөшүүдө окумуштуулардын ордун жогору баалашат

Алар Тегеран университетинин профессору, философия илиминин докторлору Мохсен Хабиби жана Саеед Анвари жакында Бишкекте өткөн “Диний экстремизмге каршы күрөшүүдөгү исламдын орду” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышуу үчүн келишкен. Ирандык коноктор «СА-Ir News» агенттигинин кеңсесинде болгон маектешүүдө аталган иш чара тууралуу өз ойлорун бөлүшүштү: - Эң оболу Бишкекте болуп өткөн илимий-практикалык конференциянын маанилүүлүгүн белгилеп кетким келет. Мындай конференциялар менен дискуссияларды тез-тез өткөрүп туруу зарыл деп айткым келет. Ошондо иш чаранын катышуучулары, дин тармагындагы эксперттер сиздердин саясатчылар үчүн мамлекет жана бүтүндөй аймак үчүн бейпилдикти сактоо жана чыңдоо үчүн чараларды сунуштарды бере алышат. - Алгачкы сурообузду бейпилдик тууралуу баштасак. Эгер Ирандын географиялык картасына карай турган болсок, анда мамлекет акыркы жылдары согуш менен чыр-чатактардын очогуна айланып келаткан аймактардын чордонунда экендигин көрөбүз: батышында ал Ирак, чыгышында Афганистан менен чектешип турат. Сиздин көз карашыңызда Ислам Республикасы ушундай коркунучтуу аймакта жайгашкандыгына карабастан, тынчтык жана коопсуздуктун аралы катары сакталууда? Саеед Анвари: - Иран тууралуу маалыматы аз ар бир адамга, сыягы талашсыз бир факт белгилүү. Эң оболу биздин мамлекетибиздин аймак боюнча өтө күчтүү армиясы, полициясы, жакшы даярдыктагы атайын кызматтары бар. Бирок биздин өлкөдөгү тартип күч органдарынын жакшы иштегендигинен улам эле сакталып калат деп жыйынтык чыгаруу – демек, жөнөкөй ирандык жарандын психологиясы, маданий-нравалык баалуулуктары тууралуу эч кандай түшүнүгү жок дегенди билдирет. Ал эми террорчулукка каршы күрөшүүдөгү ийгиликтин башкы себеби – жөнөкөй, бирок биздин ислам динибиздин терең гумандуу маанисинде жатат. Ислам Республикасынын көптөгөн башка мамлекеттерден айырмачылыгы шариаттын мыйзамы жөн гана формалдуулук эмес экендиги менен да байланыштуу. Ал мыйзамдарга, кеңери массанын аң-сезими менен жүрүм-турумуна терең орун алган. Куранда жазылган хадистердин сакталышы баардык күч органдарын бирге алып карагандагыга караганда да өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылууга кепилдик берет. Ошондуктан биздин өлкөнүн кезектеги согуш очогуна айланып калуусуна каршы бекем чебибиз бар жана ансыз эч кандай күч-кубат бизди коргоп кала албайт. Ансыз ар бир ирандыкка автоматчан кароолду коюп койсоң да мындай башаламандыктан мамлекетти сактап калууга мүмкүн эмес. Мохсен Хабиби: - Кесиптешим айткан пикирге мындай ойду кошумчалай кетким келет, исламдын принциптерин чындап кабыл алуу ошондой эле чыдамсыздык идеологиясынан да ишенимдүү коргой алат. Куран менен шариатты Кыргызстанда жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө туура түшүндүрүүнү жайылтуу аймакты террорчулук жана экстремизм сыяктуу аңга түшүп кетүүдөн куткара тургандыгына ишенем. - Мындай жагдайдан улам менде Сиздерге философ катары мындай суроо жаралууда. Сиздердин көз карашыңыздарда бир эле диний принциптер эмес, философия да жогоруда айтылган адамзатты аңга түрткөн хаостон сактап кала алабы? Саеед Анвари: - Бул маселе боюнча адис катары Ирандын философиялык илиминин байырттан бери сакталып келаткан салты бар экендигинен баштагым келет. Ал эми биздин урматтуу араб өлкөлөрүндөгү жакынкы кошуналарыбыз тууралуу айта турган болсом, аларда кандайдыр бир байыркы философия жок. Байыркы доорлордогу жана бизге жакын замандардагы перс философторунун өлбөч-өчпөс чыгармалары ирандыктардын маданиятына чыдамсыздык жана диний фанатизм сыяктуу коркунучтардан сактай турган кошумча сапаттарды бере алат. Бирок бул философия динге каршы келет дегендик эмес. Таптакыр тескерисинче! Жалалиддин Руми жана башка белгилүү ирандык ойчулдар менен акындардын илимий ишмердүүлүгү менен ийгиликтери бүтүндөй диний негизде жаралган. Өзгөчө – исламдын диний-мистикалык багытындагы суфизм идеясы. Ошондой эле XX кылымдагы өзүнүн философиялык окууларын исламдын пайдубалы менен курган Иран Ислам революциясынын лидери Имам Хомейнини белгилүү философ катары атоого болот деп кошумчалай кетким келет. Байыркы жана азыркы перс маданиятынын айрым башка элдердин менталитетинен айырмачылыгы ирандык философтор эч качан өздөрүнүн өздөрүнүн доктринасын эч качан күнүмдүк турмуштун көйгөйлүү маселелерин бөлүп карабагандыгында болуп саналат. Дал ушул багытта жана азыр биздин өлкөнүн философиясы өнүгүүдө. Ошондой эле биздин студенттер жана окутуучулар бир эле ирандык философия менен чектелип калышпай тургандыгын кошумчалагым келет. Биз батыштык ойчулдар – Аристотелден Платонго, Кант жана Хайдеггерге чейинкилердин эмгегиндеги баардык баалуулуктарды өзүбүзгө сиңирип жана кабыл алып, жергиликтүү шартка ыңгайлаштырганга аракет кылуудабыз. Ирандагы, Тегерандагы, Нишапурдагы жана башка бир катар шаарлардагы университеттер философиялык ойду өнүктүргөн ири борборлорго ээ. - Сиз иштиктүү аракеттер тууралуу айтып калган соң, күндүн көйгөйлүү маселеси тууралуу суроо бергим келип турат. Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюм өзүнүн акыркы күндөрүн жашоодо. Бирок табиятта эч нерсе изи жок эле жоголуп кетпейт. Бул миңдеген террорчуларга карата да адилеттүү баа берүү болмок. Алардын катарындагы Борбор Азия өлкөлөрүнөн баргандардын көпчүлүгү өз мекенине кайтышууда. Бирок алар өз өлкөсүнө кайгы менен жек көрүүчүлүктү кошо ала келишип, жакынкы мезгилде борборазия өлкөлөрүндө ИШИМдин сценарийи боюнча окуялар болуп кетишин түшүндүрбөйбү? Саеед Анвари: - Мен саясатчы эмес, болгону философмун. Ошондуктан менин сөздөрүмдү кадыр-барктуу адамдын расмий пикири катары кабыл албоону суранам. Бул болгону катардагы ирандыктын жеке пикири. Ал эми бул төмөндөгүлөрдү билдирет. Экстремист кайсы өлкөдөн барбасын, анын улуту болбойт. Анын арты менен азыркы террорчулук менен экстремизмдин улуттук чек аралар жок экендиги жаралууда. Азыркы дүйнөдөгү маалыматтын заматта тарап кеткендигин эске алганда дин окуусун жамынып алган саясатташкан идеология да заматта тарап кетүүдө. Эгер жагдайды дал ушул көз караш менен гана карай турган болсок, анда картина өтө деле оптимисттик эмес. Бирок экстремисттик идеяга сугарылган адамдардын ар биринин радикалдашуусу менде мындай идея көпчүлүк жарандары акыл-эстүү, адилеттүү коомдо кеңири жайылбайт деген үмүт жаратат. Алардын арасына түшүп калган экстремист же өзүнүн көз карашын өзгөртөт же мындай коомдо жашай албайт. Тактап айтканда, аны жеке өзүнүн адамдарга карата жек көрүүсү жана кара мүртөздүгү куугунтуктайт. Мындай акыл-эстүү коом радикалдын жашаган жерин өзгөртүүгө мажбур кылып, маргиналдык идеяга сугарылган пикирлештерди табууга тоскоолдук жаратат. Ошондуктан КМШ өлкөлөрүнө кайтып келген ИШИМдин жоокерлери мурдагыдай көз карашта кала берет деп ойлобоймун. Андыктан алар адилеттүү коом менен жуурулушуп жашай албаса, башка жакка кетүүгө мажбур болушат. - Урматтуу Саеед Анвари жана Мохсен Хабиби! Кыргызстанга Сиздер алгачкы ирет келип отурасыздар. Андыктан биздин өлкө тууралуу кандай пикир жаралды жана эң оболу кыргызстандыктардан эмнени сурайт элеңиздер? Саеед Анвари: - (күлүп) суроодон баштайын. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, анда мен мындай деп билген адамдан сурамакмын: “Айтыңызчы агай, эмне үчүн кыргыз тилинде фарс сөздөрү көп?”. Бул Бишкектеги жарнактардан деле көрүнүп турат. Мисалы, даараткана, китепкана, чайхана. Бул чыныгы фарс сөздөрү да! Менимче бул сөздөр көптөгөн кылымдар мурда, улуу иран ойчулу Саади борбор азиялык Кашкар шаарында болгондо да колдонулса керек. Андыктан ал жергиликтүү говорлордо перс сөздөрү канчалык оңой жайылгандыгына таң калгандыр. Жеке мен үчүн бул жагдай сиздердин жана биздин элдердин мурдатан эле байланышы болгондугун далилдеп турат. - Тилекке каршы, акыркы жүз жылдыкта биздин ошол байланыштарыбыз бир катар саясый себептерден улам үзүлүп да калбадыбы... - Биздин элдердин жакындашуусун кайра жандандыруу үчүн эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын чыңдаган иш чараларды көбүрөөк өткөрүү керек. Иран менен Кыргызстандагы элдердин маданий баалуулуктарын бири-бирибизге кеңири маалымдап туруу зарыл. Дүйнө жүзүндөгү түшүнбөстүктөрдүн негизги себеби маалыматтын жетишсиздигинен келип чыга тургандыгы белгилүү. Бул тууралуу ирандыктардын “Адамдар бири-бири тууралуу аз билгенден улам гана жек көрүү сезими жаралат”,- деген сөз бар. - Азыр Ислам Республикасындагы да, Борбор Азиядагы да көптөгөн жеке адамдардан тартып, уюм, мекемелерге чейин тарыхый-маданий байланышы, ал тургай генетикалык тууганчылыгы бар биздин өлкөлөрдү интеграциялоо тууралуу көп айтышууда. Сиздин пикириңизде, азыр биз үчүн ушул байланышты толук ишке ашырууга эмне тоскоол болууда? - Эң оболу тилдердин айырмасы. Азыр Иранда орус же кыргыз тилин билгендер өтө эле сейрек. Ушул эле көрүнүштү же иран тилин Кыргызстан менен башка борбор азиялык республикаларда жана Россияда байкоого болот. Андыктан жалпы тилдин жоктугу биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы пикир алышуунун дефицитине алып келүүдө. - Сиз мындай кырдаалдан чыгуунун кандай жолун көрүп турасыз? Мохсен Хабиби: - Мен ар бир элдин адабиятын анын маданиятынын визиттик карточкасы деп атайт элем. Ошондуктан улуу жазуучу Чыңгыз айтматов жана башка кыргыз, орус классиктеринин чыгармаларын фарс тилине котруу керек. Ирандык окурмандар кыргыз элинин дүйнөдө теңдеши жок “Манас” эпосунун котормосун эбак эле күтүшүүдө. Ошол эле учурда кыргыз окурмандары үчүн да байыркы Персия менен азыркы Ирандын адабий шедеврлерин тааныштыруу керек. Башка, маданий пикир алышуунун өтө натыйжалуу ыкмасы – эки республиканын жогорку окуу жайларынын студенттеринин практикалык тажрыйба алмашуусун тыгыз уюштуруу. Үчүнчү, менин пикиримде өтө маанилүү маданий пикир алышуу массалык маалымат каражаттары тармагындагы маалымат алмашуу жана бул багытта сиздердин «СА-Ir News» агенттиги натыйжалуу иштеп жатат деп айтса болот. Андыктан Сиздердин бул татааал жана жооптуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз. Маектешкен Эмилбек Момунов.


12:42 - 12/10/2017    /    номер : 687631    /    количество просмотров : 5



выход




Байланыштар