Башкы бет|Биз менен байланышуу|فارسی
Sunday, November 19, 2017
Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий θкүлчүлүгүнүн сайтына кош келиңиздер
Vote
Сайттын материалдары тууралуу сиздин ой-пикирлериңиз?

Материалдардын көпчүлүгү кызыктуу
Кээ бир материалдар пайдалуу
Керектүү материалдар көбүрөөк болсун
Айрым материалдар начарыраак
Бул тууралуу ой-пикирим жок

Visitors` Statistics
 посетители этой страницы : 10281
 посетители в течение дня : 20
 общее число посетителей : 85548
 посетители онлайн : 4
 Загрузка страницы : 0.9063
Clock
News > КУУнун ректору Ирандын Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчисин кабыл алды


  печать        отправить другу

КУУнун ректору Ирандын Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчисин кабыл алды

2017-жылдын 21-сентябрында КУУнун ректору_Канат Садыков_Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси_Али Хакимпур мырзаны кабыл алды. Жолугушууда Улуттук университетте Ирандын маданий борборун ачуу маселеси талкууланды. Али Хакимпур мырза Улуттук университет тарабынан ага бурулуп жаткан көңүл үчүн ректор Канат Садыковго ыраазычылык билдирип, Өкүлчүлүк менен КУУнун кызматташтыгы Маданий борбор менен эле чектелип калбастан, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын флагманы болгон Улуттук университеттин Ирандын белгилүү университеттери менен байланыш түзүүсү менен менен улануусу максатка ылайыктуу экенин белгиледи. Канат Садыков Улуттук университет Иран мамлекетинин Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгү менен кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, Маданий борбор боюнча КУУнун сунуштары Иран элчилиги тарабынан колдоого алынаарына терең ишенээрин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Али Хакимпур мырза КУУнун ректоруна кыргыз тилинде жарык көргөн Абулкасым Фирдоусинин "Шахнамэ" жана профессор Реза Шабанинин "Кыскача Иран тарыхы" китептерин" белекке берди.


12:56 - 12/10/2017    /    номер : 687636    /    количество просмотров : 6



выход




Байланыштар