Башкы бет|Биз менен байланышуу|فارسی
Sunday, November 19, 2017
Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий θкүлчүлүгүнүн сайтына кош келиңиздер
Vote
Сайттын материалдары тууралуу сиздин ой-пикирлериңиз?

Материалдардын көпчүлүгү кызыктуу
Кээ бир материалдар пайдалуу
Керектүү материалдар көбүрөөк болсун
Айрым материалдар начарыраак
Бул тууралуу ой-пикирим жок

Visitors` Statistics
 посетители этой страницы : 10283
 посетители в течение дня : 26
 общее число посетителей : 85554
 посетители онлайн : 4
 Загрузка страницы : 0.9688
Clock
News > Ирандын Маданий өкүлү менен Kyrgyzstan телеканалынын директору кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү


  печать        отправить другу

Ирандын Маданий өкүлү менен Kyrgyzstan телеканалынын директору кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү

Бишкек, 11-сентябрь, 2017-жыл. /ca-irnews.com/. Ирандын маданияты менен кинолорун Кыргызстандын көрүүчүлөрүнө тартуулоо демилгеси көтөрүлдү. Бүгүн, 11-сентябрда Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Али Хакимпур жергиликтүү Kyrgyzstan телеканалынын директору Нурипа Кичинебатырованы кабыл алды. Жолугушуу учурунда тараптар өз ара кызматташуу, Иран маданиятын Кыргызстанда, ошол эле учурда Кыргызстан тууралуу ирандык көрүүчүлөргө маалымат таратуу тууралуу сүйлөшүштү. "Кыргыздар менен перстер байыркы эл болгондугуна, тарыхы менен маданияты, тили менен дили жана дини бир жана окшош экендигине карабай азыркы учурда биз бири-бирибиз тууралуу азыраак билебиз. Бул жагдайдын себеби, узак убакыт ортодогу байланышыбыз үзүлүп калгандыгынан деп ойлоймун. Биздин телеканал ушул боштукту толтуруп, эгер мүмкүнчүлүк болсо, ирандык кинорежиссерлор тарабынан тартылган кинолорду кыргызчага которуп, көрүүчүлөргө тартууласак дейбиз. Себеби маданият аркылуу кызматташуу гана элдердин ортосун тыгыз бекемдеп, туура маалымат тартуулай алат",- деди аталган телеканалдын директору. Ал ошондой эле Ирандын азыркы учурдагы жашоо турмушу, маданияты, илим, медицина, айыл чарба тармактарындагы жетишкендиктери тууралуу да ыкчам маалымат берип турууга даяр экендиктерин билдирди. Өз кезегинде Али Хакимпур эреже боюнча дүйнө жүзүндөгү башка өлкөлөрдөгүдөй эле Иранда да көркөм жана башка фильмдер сатыла тургандыгын. Бирок кыргызстандык телеканалдардын мүмкүнчүлүгүн эске алып, өз өлкөсүнүн мамлекеттик телеканалдарына жеңилдетилген шарттарда көркөм тасмаларды алып берүүгө аракеттенерин билдирди. "Сиздердин телеканалдын биз менен кызматташуу тууралуу оюңуздарга өтө кубанычтамын. Чындыгында Иран бүгүнкү күндө көркөм жана башка фильмдерди тартуу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда турат. Себеби ирандык кинорежиссёрлордун тасмасында зордук-зомбулук эмес, гумандуулук, адамды тарбиялоо биринчи орунда турат. Ошондуктан чет элдик кинокомпаниялар биздин тасмаларды өтө кызыгуу менен сатып алышат. Мисалы, жакында Казакстандын бир жеке кинокомпаниясы азыр дүйнө жүзүндө зор кызыгууну жаратып жаткан Мухаммед пайгамбардын өмүрүнө арналган "Мухаммед" тасмасын сатып алып, өлкөнүн баардык кинотеатрларында көрсөтүү алдында турат. Мен колдон келишинче Ирандын мамлекеттик телекомпаниясы менен байланышып, Сиздерге керектүү тасмаларды алып бергенге аракет кылам",- деди ал.


13:09 - 12/10/2017    /    номер : 687639    /    количество просмотров : 7



выход




Байланыштар