Башкы бет|Биз менен байланышуу|فارسی
Sunday, November 19, 2017
Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий θкүлчүлүгүнүн сайтына кош келиңиздер
Vote
Сайттын материалдары тууралуу сиздин ой-пикирлериңиз?

Материалдардын көпчүлүгү кызыктуу
Кээ бир материалдар пайдалуу
Керектүү материалдар көбүрөөк болсун
Айрым материалдар начарыраак
Бул тууралуу ой-пикирим жок

Visitors` Statistics
 посетители этой страницы : 10279
 посетители в течение дня : 13
 общее число посетителей : 85541
 посетители онлайн : 4
 Загрузка страницы : 1.0000
Clock
News > Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин маданий өкүлү “Кыргызстан” телевидениесинин жетекчиси менен жолукту


  печать        отправить другу

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин маданий өкүлү “Кыргызстан” телевидениесинин жетекчиси менен жолукту

Нурипа Айтпаева өзүнүн телевидениесин тааныштырып: “Биздин телевидениенин ачылганына 2 жыл болду, биздин канал эркин саясатты чагылдырган толук жеке коомдук канал”. деди. Ал акыркы убактагы мамлекеттин саясаты жана буйруктарын эске алып, кыргыз тилине көбүрөөк басым жасап, кыргыз тилинде каналдарды көбүрөөк көрсөтүүнү чечик деп кошумчалады. ал Иран кинотасмасынын азыркы доордогу жетишкен эң мыкты ийгиликтерине басым жасап, Иран Ислам Республикасынын Маданий өкүлчүлүгүнөн Иран көрөм тасмаларын жана Иран телевидениесинин көрсөтүүлөрүн аталган каналга да берүүсүн сурады. Анткени иран фильмдеринин негизги сюжети, кыргыз элинин маданияты жана аң сезимине жакын, алар адамдарды мээримдүүлүккө, боорукердүүлүкө жана достукка чагырган фильмдер экенин айтып өттү. Иран Ислам Республикасынын Маданий өкүлү Иран Ислам Республикасынын негизги жемиштүү ийгликтерине токтолуп, өзгөчө кино жана көркөм өнөр тармагына токтолуп: “Иран башка жетишкендиктер менен бирге өндүрүш, айыл чарба, медицина, технология, маданият жана көркөм өнөр тармагында да абдан мыкты ийгиликтерге жетишти. Бүгүнкү күндө, Иран кинематографиясы дүйнөлүк деңгээлге жетти. Ал эми СадоСима Иран теле берүү корпорациясы Иран Ислам Республикасынын радио жана телеберүү тармагынын эң маанилүү корпорациясы болуп эсептелип, 20 дан ашуун канал санарип арткылуу өзүнүн программаларын дүйнө жүзүнө тартуулайт. Андан тышкары, ар кандай тармактардагы 5 адистештирилген канал элдин көңүлүн өзүнө тартат. Иран Ислам Республикасынын шаарларында, райондорунда жана аймактарында көрсөтүлгөн каналдардын баары, аталган корпорациянын жетекчилиги алдында иштешет. Ал эми бул корпорацияда 100 миңге жакын жумушчу эмгектенишет” деди. Жолугушуунун жыйынтыгында Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси кыргыз тараптын суранычын аткарып, Ирандын көркөм жана документалдуу тасмалары менен камсыздапп, Иран СадоСима телекорпорациясынан телевизиондук программаларын жөнөтүүсүн суранарын айтып сөз берди.


09:16 - 23/10/2017    /    номер : 688239    /    количество просмотров : 5



выход




Байланыштар