Башкы бет|Биз менен байланышуу|فارسی
Thursday, December 13, 2018
Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий θкүлчүлүгүнүн сайтына кош келиңиздер
Vote
Сайттын материалдары тууралуу сиздин ой-пикирлериңиз?

Материалдардын көпчүлүгү кызыктуу
Кээ бир материалдар пайдалуу
Керектүү материалдар көбүрөөк болсун
Айрым материалдар начарыраак
Бул тууралуу ой-пикирим жок

Visitors` Statistics
 посетители этой страницы : 15396
 посетители в течение дня : 27
 общее число посетителей : 117192
 посетители онлайн : 2
 Загрузка страницы : 0.8750
Clock
News > Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин катышуусу менен Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинде “Ислам жана христиан салттарынын синтези” аттуу тегерек стол өттү


  печать        отправить другу

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин катышуусу менен Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинде “Ислам жана христиан салттарынын синтези” аттуу тегерек стол өттү

2017-жылдын 15-ноябрь күнү Б.Н.Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинин Иран таануу борборунда “Батыш Европа жана Жакынкы Азиянын өнөрчүлүгүндөгү ислам жана христиан салттарынын синтези” аттуу тегерек стол, Иран таануу борборунун жана Түрк таануу борборунун ачылышынын 20 жылдыгына карата өттү. Бул отурумга аталаган университеттин Архитектура жана Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультеттеринин мугалимдери менен студенттери катышышты. Бул университеттин Архитектура факультетинин деканы Смирновдун “Батыш менен Чыгыштын айлана чөйрөгө болгон мейкиндик- семантикалык аспектилери жана архитектуралык өзгөчөлүктөрү” аттуу макаласында ал, “Чыгыш менен Батыштын кызматташуусунда ислам жана христиан маданияттары өзгөчө ролду ойногон. Алар мусулман болобу же христиан болобу түпкү руханий ишеними менен биримдикте экенин түшүнүшкөн” деди. Ал эми, аталган университеттин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы С.Усманов мындай иш чаранын өтүшү менен катышуучуларды куттуктап, Керманшахта болгон зилзала үчүн кайгыруу менен иран элине көңүл айтты. Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Али Хакимпур С.Усманов мырзанын Керманшахта болгон залзала үчүн көңүл айтуусуна ыраазычылык билирди. Ал: “Негизинен өнөрчүлүк байыртадан бери адамзатынын көңүлүн өзүнө буруп келет. Анткени анын негизги вазыйпасы сулуулук жана чыгармачылык. Бул адамзаты ар дайым муктаж болчу нерсе. Ошондуктан архитектура өнөрү улуттардын чыгармачылыгын арттырып, айлана чөйрөнү кооздоп, көрктөндүрүүнү өзүнүн вазыйпасы катары мойнуна алган. Дүйнөнүн түрдүү аймактарында, ошондой эле Чыгыш жана Батыш өлкөлөр ортосундагы өнөрчүлүк тармагында көбүрөөк тажрыйба алмашуу жана өз ара аракеттенүүлөр көп болгон жана бул карым катнаш, кызматташуулар коңшу ж.б. өлкөлөр менен мамиле түзүүдөн келип чыккан болушу мүмкүн. Дагы бир көңүл буруучу нерсе, Иран менен Батыштын байыртадан бери келе жаткан маданий карым катнашы болуп саналат. Буга мисал катары, эгер Турциянын Эфес шаарындагы батыштын архитектурасын алсак, ал толугу менен Ирандагы Персеполистин архитектурасына окшош”- деди. Бул тегерк столдо аталган университеттин Архитектура факультетинин студенттери даярдаган макалаларында Испани архитектурасынын салттык өзгөчөлүктөрү жана Португалия архитектурасындагы Европа жана Жакынкы Чыгыштын өнөрчүлүгүнүн синтездери жөнүндө, Орто кылымдарда араб-ислам маданиятынын интеграциясы Европа маданиятынын түптөлүшүнө эбегейсиз таасирин тийгизгендиги айтылды. Осмон империясынын миниатюралары, Осмон империясынын архитектуралык стили, Иран миниатюрасынын тарыхы жана андагы негизги мектептер, Ирандагы Исламга чейинки жана исламдан кийинки миниатюралар жөнүндө да макалалар окулду. Аталган университеттин Журналистика факультетинин фарсы бөлүмүнүн студенти Нуркулова Иран миниатюрасына токтолуп, Шираз, Тебриз, Исфахан, Герат ж.б. шаарлардагы перс живописиндеги негизги мектептер жөнүндө толук маалымат берди. Андан тышкары Ирандын заманбап архитектурасы жана белгилүү сүрөтчүсү Бехзад жөнүндө айтып өттү. Ошол эле бөлүмдүн студенттери Нурманбетов Ирандагы Исламга чейинки архитектураны б.а. Персеполис, Пасаргад ж.б. токтолуп, Зенжанда жайгашкан Илсам доорунун белгилүү Сулеймание гүнбөдүно токтолду. Аталган тегерек столго Кыргыз-түрк манас университетинин, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун, Корей таануу борборунун, Татар жана немис уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.


09:50 - 15/11/2017    /    номер : 695878    /    количество просмотров : 107



выход




Байланыштар