Башкы бет|Биз менен байланышуу|فارسی
Wednesday, June 20, 2018
Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий θкүлчүлүгүнүн сайтына кош келиңиздер
Vote
Сайттын материалдары тууралуу сиздин ой-пикирлериңиз?

Материалдардын көпчүлүгү кызыктуу
Кээ бир материалдар пайдалуу
Керектүү материалдар көбүрөөк болсун
Айрым материалдар начарыраак
Бул тууралуу ой-пикирим жок

Visitors` Statistics
 посетители этой страницы : 13865
 посетители в течение дня : 75
 общее число посетителей : 107641
 посетители онлайн : 5
 Загрузка страницы : 1.3750
Clock
News > «Маданияттардын жакындашуусу; тынчтыктын пайдубалы жана туруктуу өнүгүүнүн негизи» аттуу эл аралык конференция


  печать        отправить другу

«Маданияттардын жакындашуусу; тынчтыктын пайдубалы жана туруктуу өнүгүүнүн негизи» аттуу эл аралык конференция

«Маданияттардын жакындашуусу; тынчтыктын пайдубалы жана туруктуу өнүгүүнүн негизи» аттуу эл аралык илимий-маданий конференция Иран Ислам Республикаснынын Маданияттар аралык жакындашуу эл аралык борбору, Кыргыз Эл аралык университети, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте, 2017-жылдын 28-29-ноябрь айында Кыргызстан, Иран Ислам Республикасы, Казакстан, Россия, Тажикстан, Турция, Индия, Ливия, Өзбекстандан келген илимпоз, мугалимдердин катышуусу менен өттү. Бул конференциянын максаты дүйнөлүк ой-пикирлерди маданияттар аралык жакындаштыруу, анын туруктуу өнүгүүсүн жана аны жайылтууга кошулган салымдарды жакшыртып, эзүүчүлүк, терроризм жана экстремизмге каршы иш-чараларды колдонуп, адилеттүүлүк менен тынчтыкты эзүүчүлүк жана экстремизмге каршы турууктуу колдонуу болду. Аталган конференциянын катышуучулары акыркы үч миң жылыктагы маданияттар аралык кызматташуу, маданияттар аралык тыгыз мамиледе болууну эл аралык уюмдардын өзгөчө көңүл бура турган жаңы жана олуттуу маселеси катары билишти. Мындай маданияттарды жакындаштыруу жөнүндө ой толгоолор ЮНЕСКО тарабынан маданияттардын түрдүүлүгү андагы улуттардын бири бирин таанып, бири бирин кененирээк түшүнүү максатында киргизилип, маданияттар аралык кызматташууну жана жакындаштырууну тездетти. Аталган конференциянын катышуучулары маданият аралык жакындашуудагы карама каршылыктардын айынан согуш, эзүүчүлүк, бири бирин жек көрүү, тушүнбөстүк болуп атканын жана азыркы тапта маданияттарды жакындаштыруу менен, мамлекеттердин достук мамилелерин бекемдеп, бүткүл дүйнөгө тынчтык жана бакубат жашоо келээрин белгилешти. Конференцияны аяктап жатып, анын катышуучулары Тегеран, Бишкек шаарында жана башка мамлекеттерде жолугушууларды уюштуруп, улуттар аралык маданияттарды жакындаштыруу жана аны чыңдоо максатында, дүйнөдөгү мамлекеттер катышкан “Маданияттардын жакындашуусу борборун” ачуу зарыл деп белгилешти. Айта кетсек, аталган конференцияга Аль-Мустафа университети ж.б. Иран Ислам Республикасынын Тегеран шаарынын университеттеринен 6 илимпоз катышып макалаларын окушту жана да жалпысынан алганда жогоруда аталган мамлекеттерден 34 макала даярдалып окулду.

Attachment : 0.jpg ( 121KB )


10:01 - 28/11/2017    /    номер : 695879    /    количество просмотров : 87



выход




Байланыштар