Башкы бет|Биз менен байланышуу|فارسی
Wednesday, January 17, 2018
Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий θкүлчүлүгүнүн сайтына кош келиңиздер
Vote
Сайттын материалдары тууралуу сиздин ой-пикирлериңиз?

Материалдардын көпчүлүгү кызыктуу
Кээ бир материалдар пайдалуу
Керектүү материалдар көбүрөөк болсун
Айрым материалдар начарыраак
Бул тууралуу ой-пикирим жок

Visitors` Statistics
 посетители этой страницы : 11055
 посетители в течение дня : 128
 общее число посетителей : 92855
 посетители онлайн : 4
 Загрузка страницы : 1.1094
Clock
News > Бишкек шаарындагы Аль-Хода борборунда Гүлстан сабагы өтүүдө


  печать        отправить другу

Бишкек шаарындагы Аль-Хода борборунда Гүлстан сабагы өтүүдө

2017-жылдын 16-ноябрь айынан тарта Ирандын көрүнүктүү акыны Саади Ширанзинин Гүлстан чыгармасы сабагы Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин Маданий өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Аль-Хода эл аралык борборунда өтө баштады. Бул сабака 15тен ашык Бишкек шаарындагы университеттердин фарсы тили мугалимдери, студенттери жана фарсы адабиятын сүйүүчүлөр катышууда. Бул сабактын негизги максаты аларды фарсы адабияты жана маданиятынын 1000 жылдык казынасы менен тааныштыруу, студенттердин фарсы тили денгээлин жогорулатуу менен бирге студенттердин сөз байлыгын кеңейтип, ой толгоолорун өнүктүрүп, фарсы тилин тереңирээк тушүүнүү жана Гүлстан чыгармасын эң маанилүү адабий чыгармалардын бири катары, андагы адеп-ахлак мазмунун тереңирээк түшүндүрүү болуп саналат. Саади парсы элинин эң маанилүү инсандарынын бири. Ал сөздү бири бирине төп келиштире таба билген чечендиги жана сөзмөрдүгү жагынан Хафиздин газалдарынан кем калбайт. Дал ошондуктан Саадини чечендин чечени дешкен. Саади ырдын газалы болобу, касыдасы болобу, маснави (Бустан) болобу, Мансурдун икаялары болобу (Гүлстан), кытта болобу, рубаи болобу дегеле ырлардын жана чыгармачылыктын, акындактын баардык түрү боюнча көөнөрбөс чечен болгон. Анын эң чоң чыгармаларынын бири Гүлстан китеби. Бул китеп фарсы адабиятындагы эң таасирдүү чыгармаларынын бири болуп эсептелет жана алардын көбүнчөсү кыска дастан түрүндө жазылып адеп ахлак мазмунду өзүнө камтыйт.


10:09 - 16/11/2017    /    номер : 695880    /    количество просмотров : 6



выход




Байланыштар