Башкы бет|Биз менен байланышуу|فارسی
Wednesday, January 17, 2018
Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий θкүлчүлүгүнүн сайтына кош келиңиздер
Vote
Сайттын материалдары тууралуу сиздин ой-пикирлериңиз?

Материалдардын көпчүлүгү кызыктуу
Кээ бир материалдар пайдалуу
Керектүү материалдар көбүрөөк болсун
Айрым материалдар начарыраак
Бул тууралуу ой-пикирим жок

Visitors` Statistics
 посетители этой страницы : 11054
 посетители в течение дня : 127
 общее число посетителей : 92854
 посетители онлайн : 4
 Загрузка страницы : 1.1250
Clock
News > Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын дипломатиялык мамилесинин 20 жылдыгына арналган «Иран жана Борбордук Азия карым катнашы» атту илимий эл аралык конференция болуп өттү


  печать        отправить другу

Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын дипломатиялык мамилесинин 20 жылдыгына арналган «Иран жана Борбордук Азия карым катнашы» атту илимий эл аралык конференция болуп өттү

Иран ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын мамилесинин 20 жылдыгына арналган «Иран жана Борбордук Азия карым катнашы» атту илимий эл аралык конференция 2017-жылдын 6-декабрь айында Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде болуп өттү. Аталган илимий эл аралык конференциянын максаты Иран маданиятынын Борбордук Азиядагы түрк тилдүү улуттарга берген таасирлери, андагы тарыхый, маданий, диний, тил жана адабий окшощтуктарын изилдөө, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан баштап бүгүнкү күнгө чейинки Иран менен болгон маданий кызматташуусу болду. Аталган конференцияда К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Республикасынын улуттук университетинин, Кыргыз-түрк манас университетинин мугалимдери жана студенттери, Кыргыз-Иран достугу коомунун, Рудаки атындагы Тажиктер коомунун өкүлдөрү, акын жазуучулар жана Иран менен Тажикстан мамлекеттеринин окумуштуулары катышты. Аталган конференцияда Иран жана Борбордук Азиядагы улуттар аралык карым-катнашы жана кызматташуусу, фарсы жана түрк тилдеринин окшотуктары, Ирандыктар менен түрк тилдүүлөрдүн мамилелериндеги тажик жана чагатай ортомчу тилдеринин орду, Фарсы адабияты жана ырларынын Борбордук Азия адабиятына тийгизген таасири, байыртадан бери келе жаткан Иран жана Борбордук Азия улуттарынын илимий жана руханий байланышы, Борбордук Азия улуттарынын жана Кыргызстандын тарыхы менен маданиятын изилдөөдөгү фарсы булактарынын маанилүүгүгү жана Иран менен Кыргызстандын маданий мамилелери тууралуу макалалар окулду. Аталган конференцияда абдан маанилүу жана керектүү 35 макала “Борбордук Азия жана Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын изилдөөдө фарсы булактарынын мааниси”, “Иран, Түрк жана Борбордук Азия улуттар аралык кызматташуусу” жана “Фарсы адабиятынын Борбордук Азия улуттарынын адабиятына тийгизген таасири” аттуу үч секцияда окулду. Аталган илимий эл аралык конференция менен бирге Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлулүгү тарабынан басылып чыккан Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын 25 жылдыгына арналган “Ирантаануу” китеп көргөзмөсү да болду.


10:17 - 06/12/2017    /    номер : 695881    /    количество просмотров : 5



выход




Байланыштар