Башкы бет|Биз менен байланышуу|فارسی
Wednesday, June 20, 2018
Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий θкүлчүлүгүнүн сайтына кош келиңиздер
Vote
Сайттын материалдары тууралуу сиздин ой-пикирлериңиз?

Материалдардын көпчүлүгү кызыктуу
Кээ бир материалдар пайдалуу
Керектүү материалдар көбүрөөк болсун
Айрым материалдар начарыраак
Бул тууралуу ой-пикирим жок

Visitors` Statistics
 посетители этой страницы : 13867
 посетители в течение дня : 78
 общее число посетителей : 107644
 посетители онлайн : 5
 Загрузка страницы : 0.7812
Clock
News > Бишкек шаарында Иран кино жумалыгы болду


  печать        отправить другу

Бишкек шаарында Иран кино жумалыгы болду

Иран Ислам революциясынын жеңиш күнүнө арналган Иран кино жумалыгынын ачылышы 2018-жылдын 7-февраль күнү Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Али Хакимпур, А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасынын директору Ж.Бакашова, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин кино бөлүмүнүн жетекчиси Мукталы Бектеналиев, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым уктуктуу Элчиси Али Можтаба Рузбехани, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Республикасынын искусство жана маданият университетинин проректору Гульмира Касымалиева жана көптөгөн кино жаатындагы ишмерлер, студенттер, ирандык коноктор үй бүлөлөрү менен, жана ошондой эле кино сүйүүчүлөрдүн катышуусу менен А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын кино залында болуп өттү. Иран Ислам Республикасынын Маданий өкүлү конокторго саламын жолдоп, кубанычын билдирүү менен “Иран киносу Ислам ресволюциясынан кийин абдан көп ийгиликтерге жетишип, адамзатынын эң маанилүү баалуулугу болгон руханий, адеп-ахлак мазмунду камтыган фильмдерди тартууда жана мындай фильмдер ар кандай эл аралык кинофестивалдарда алдынкы орундарды ээлеп келет” деди. Кыргыз улуттук китепканасынын директору Жылдыз Бакашева, “Биздин китепкана Иран Ислам Республикасынын Элчилиги жана Маданий өкүлчүлүгү менен абдан тыгыз иштешип келет жана иштешүүдө, алсак акыркы жылдарда аталган Эчиликтин ишкерлери үй бүлөлөрү менен китепканага экскурсияга келиши, Ялда түнү жана башка көптөгөн ар кандай иш чараларды бирге өткөрдүк. Азыркы учурда да бул Маданий өкүлчүлүк менен Кыргызстан жана Ирандын белгилүү инсандары жөнүндө маалымат топтоо иш чаралары жүрүп жатат. Биз мындан ары да аталган маданий өкүлчүлүк менен ар тараптуу маданий кызматташууга даярбыз” деди. Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Можтаба Резбехани мырза “Иран Ислам Республикасы Ислам Революциясынын жеңиши менен биотехнология, нанотехнология, атомдук энергетика, аэро космостук, фармацевтика, коргооо жана албетте маданият, кино тармактарныда абдан чоң ийгиликтерге жетишти. Ал эми иран киносунун эң маанилүү өзгөчөлүгү бул тасмалардын жөнөкөйлүгү, адеп ахлак жана акыйкаттыкты өзүнө камтыганында. Биз эки тарап кино жумалыгын өткөрүп тим калбастан биргелешип тасма тартууну да ойлонуп, мындай иш-чараларды ишке ашырабыз деген ишенимдемин” деди. Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин проректору Гульмира Касымалиева аталган университет 5 жылга жакын убакыт Ирандын Маданий өкүлчүлүгү менен бирдикте “Рустам жана Сухраб”, “О.Хайямдын акыйкаты”, Нооруздук фестивалдарды жана башка көптөгөн иш чараларды өткөрүп келээрин атйып, кино тармагында окуган студенттер үчүн ушундай жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берген үчүн аталган Маданий өкүлчүлүккө өзүнүн ыраачылыгын билдирди. Мааракенин жүрүшүндө Кемаль Табризи тарабынан тартылган “Кыялдын таттуу даамы” кинотасма көрсөтүлдү. Айта кетсек аталган мааракеде Азаттык, Рух Медиа, Фарс агенттиги, Голден Бридж түрк тилдүү агенттиги жана Азия ТВ телеканалы катышып, маалымат таратты. Аталган кино жумалык “Мазари Шариф”, “Менин өтүгүм каякта?”, “Бадигард” кинотасмаларын 8-9 февралда аталган китепкананын кино залында уланат. Аталган Иран кино жумалык Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Маданий өкүлчүлүгү, А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепкана жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети менен биргеликте уюштурулду.


12:37 - 9/02/2018    /    номер : 699553    /    количество просмотров : 50



выход




Байланыштар