Башкы бет|Биз менен байланышуу|فارسی
Sunday, August 19, 2018
Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий θкүлчүлүгүнүн сайтына кош келиңиздер
Vote
Сайттын материалдары тууралуу сиздин ой-пикирлериңиз?

Материалдардын көпчүлүгү кызыктуу
Кээ бир материалдар пайдалуу
Керектүү материалдар көбүрөөк болсун
Айрым материалдар начарыраак
Бул тууралуу ой-пикирим жок

Visitors` Statistics
 посетители этой страницы : 14336
 посетители в течение дня : 37
 общее число посетителей : 111351
 посетители онлайн : 3
 Загрузка страницы : 0.6406
Clock
News > Ош шаарында өткөн Иран кино күндөрү жана Ош мамлекеттик университети менен Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүк ортосундагы кызматташуу келишими


  печать        отправить другу

Ош шаарында өткөн Иран кино күндөрү жана Ош мамлекеттик университети менен Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүк ортосундагы кызматташуу келишими

2018-жылдын 26-апрель айында Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Ош мамлекеттик университетинде Иран кино күндөрү, Иран Ислам Республикасынын Толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Али Можтаба Рузбехани, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Али Хакимпур, Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков, аталган университеттин мугалимдери жана студенттеринин катышуусу менен аталган университеттин жыйындар залында Иран кино күндөрү болуп өттү. Аталган иран кино күндөрү эки күн бою өтүп: “Сак саламат болуңуз”, “Бейиш түсү”, “Сулаймандын мүлкү”, “Кыялдардын таттуу даамы” аттуу көркөм тасмалар коюлду. Каныбек Исаков, мындай жылуу жолугушуу жана кино күндөрүнүн Ош шаарында өтүп жатканы үчүн өзүнүн кубанычын билдирип, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Али Можтаба Рузбехани менен Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Али Хакимур мырзаларга терең ыраазычылык билдирип, Ош мамлекеттик университетинин ачылгандан баштап бүгүнкү күнгө чейинки тарыхын, андагы ишмердиктери менен жетишкендиктерине кененирээк токтолуп өттү. Ал Ош мамлекеттик университетинде 16 чет тили окутулаарын, ал тилдердин арасында байыртадан кыргыз тили жана адабиятынын түпкү тамырынан байланышы бар фарсы тили да окутулаарына кубанычта экенин билдирди. Аталган университеттин ректору “Бактыга жараша Иран Ислам Республикасынын маданий өкүлчүлүгү менен түзүлгөн келишимдин негизинде биздин университетте фарсы тилин окуган 5 студент акысыз окутулат, ал эми аталган Элчилик колдоого алса, фарсы тилин бекер окуган студенттердин саны мындан да арбыйт деген ишенимдемин” деди. Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Али Можтаба Рузбехани мырза ар тармактарда эки мамлекеттин байыртадан келе жаткан жана кийинки убактарда болуп өткөн абдан жылуу достук мамилени эске алып, “Биздин мамилебиздин негизи жана өзөгү бул иран жана кыргыз элдин достук мамилесин бекемдөө болуп саналат” деди. Ал эми Ош мамлекетиндеги фарсы тилин окуп жаткан студенттердин санын көбөйтүү үчүн Иран Ислам Республикасынын жогорку окуу жайлары менен байланыш түзүп, ар кандай тармактарда биргелешип изилдөө иштерин жүргүзүүп, кызматташтык мамиле түзүү максатында көмөк көрсөтүүгө өзүнүн даярдыгын билдирди. Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Али Хакимпур да өз кезегинде Ош мамлекеттик университетинин жылуу кабыл алуусу жана Иран кино күндөрүн аталган университетте жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн аталган университеттин ректоруна, мугалимдер тобуна жана уюштурууга көмөк көрсөткөндоргө өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирип, иран менен кыргыз элинин окшоштуктары көп экенин айтты. Ал кыргыз тилинде 2500 дөн ашык фарсы сөзү бар экени эки элдин байыртадан бери карым катнашта болуп келишкенинин көрсөткүчү экенин айтты. Андан тышкары Иран Ислам Республикасы Кыргызстан менен өзгөчө Ош шаары менен баардык тармактарда кышматташууга кызыкдар экенин билдирди. Ал Иран кино күндөрү Ош шаарында алгачкы ирет өтүп жатканы үчүн өз кубанычын билдирип, аталган унивеситет менен Иран Ислам Республикасынын университеттери менен илим билим тармактарында кызматташууга даярдыгын билдирди. Ал “Иран Ислам Республикасынын билим министрлиги кыргыз жаштарын биздин малекеттин магистратура жана докторантурасына бекер окутууга кызыкдар” деди. Айта кетсек, аталган иш сапарда Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы маданий өкүлчүлүгү менен Ош мамлекеттик университети арасында илим билим тармактарында биргелешип иш алып баруу, фарсы тилин окуган студенттерди бекер окутуу сыяктуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Андан тышкары аталган маданий өкүлчүлүк фарсы тилин окуп жаткан студенттер үчүн окуу китептерди жана башка фарсы тилиндеги булактарды белекке тапшырды. Бул иш саапарда Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укутуу Элчиси жана маданий өкүлү Сулайман тоо жана андагы музейди, Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-кытай жана Медициналык факультеттеринде болушту.


10:56 - 11/05/2018    /    номер : 705062    /    количество просмотров : 17



выход




Байланыштар