Башкы бет|Биз менен байланышуу|فارسی
Sunday, November 19, 2017
Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий θкүлчүлүгүнүн сайтына кош келиңиздер
Vote
Сайттын материалдары тууралуу сиздин ой-пикирлериңиз?

Материалдардын көпчүлүгү кызыктуу
Кээ бир материалдар пайдалуу
Керектүү материалдар көбүрөөк болсун
Айрым материалдар начарыраак
Бул тууралуу ой-пикирим жок

Visitors` Statistics
 посетители этой страницы : 34912
 посетители в течение дня : 24
 общее число посетителей : 85552
 посетители онлайн : 4
 Загрузка страницы : 0.8594
Clock
News > Кыргыз товарларын импорттогон алдыңкы 9 өлкө


  печать        отправить другу

Кыргыз товарларын импорттогон алдыңкы 9 өлкө

Үстүбүздөгү жылдын үч айында Кыргызстан 178 миллион долларга товар сатты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга төмөн экени Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылат. Негизинен экспорттун көлөмү алыскы мамлекеттердин суроо-талабынын азайышынан төмөндөдү. Бирок буга карабастан Кыргызстандан чыккан товарларга көңүл буруп, аларды пайдаланып келген мамлекеттер бар. Sputnik Кыргызстан алардын рейтингин түзүп чыкты. Словения менен Украина тизменин башында турат. Үч айдын ичинде аталган өлкөлөргө жиберилген товардын көлөмү 4,3 эсеге жогорулаган. Мында Словения менен бир аз тоскоолдуктар бар: эгер ал жакка сатылган товарды эсептесек, жалпы баасы 100 миң долларга да жетпейт. Ал эми Украинага лампа, тери жана тамеки сатуудан Кыргызстан 1,2 миллион доллар пайда көргөн. Иран. Январь-март айларында бул өлкөгө экспорт 3,6 эсеге көбөйгөн. Иранга Кыргызстандан 6,2 миллион долларлык жаңгак, жашылча-жемиш жөнөтүлгөн. Бельгия. Сатылган товардын көлөмү 3 эсеге көбөйүп, баасы 6 миллион доллардан ашкан. Ал жакка бизден алтын жана энергетикалык генераторлор экспорттолот. Россия. ЕАЭБ боюнча өнөктөш бул мамлекетке товар жөнөтүү 2,2 эсеге жогорулаган. Россия бизден чыккан алтынга муктаж өлкөлөрдүн ичинен Швейцариядан кийинки экинчи орунда турат. Үч айдын ичинде россиялыктар Кыргызстандан 45 миллион долларга жашылча-жемиш, техника жана аппаратура сатып алган. Улуу Британия кыргызстандык товарлардын экспортун 2,1 эсеге көбөйттү. Бирок анын жалпы наркы 100 миң долларга да жетпейт. Канада, Швеция жана Кытай быйыл Кыргызстандан 1,9 эсеге көп товар сатып алышкан. Мында алдыңкы эки өлкө 100 миң доллар менен чектелсе, Кытай 8,4 миллионго соода кылган. Ал жакка бизден тери, булгары жана унаа жөнөтүлөт.


07:55 - 17/10/2017    /    номер : 687874    /    количество просмотров : 4



выход




Байланыштар